Китеп - биздин досубуз

Бүгүн 22-апрелде  К.Баялинов атындагы китепканада УИТМЛинин 3- а классынын окуучулары менен "Китеп күнүнө" карата "Китеп биздин досубуз" -деген темада майрамдык иш чара абдан кызыктуу болду. Окуучулар китеп жөнүндө көркөм окууларды айтышып, ырларды ырдап, Манас эпосунан үзүндүлөр айтышты. Кыздар менен балдар бий бийлешти. Майрамдык иш чаранын коноктору Сокулук районунун окуучулары жана китепкана кызматкерлери болушту. Жыйынтыктоодо  китепкананын "Балалык" бөлүмүнүн эжейлери окуучуларды майрам менен куттуктап, ыраазычылык билдиришти.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru