Эне үй-бүлөнүн түркүгү, куту

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин ата-энелери үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты жана “Энелер мектебинин” уюштуруучусу Гапыр Мамадинов агай менен бирдикте  “Окуучулардын сапаттуу билим, татыктуу тарбия алуусунда ата-энелердин ролу” темасында семинар жогорку денгээлде болуп өттү.
Билим, тарбия берүү – бул эки жактуу процесс. Мектеп канчалык күчтүү болбосун, бул ишке үй-бүлө катышпаса, мугалимдердин аракети кумга сиңип жок болгон сууга окшоп кала берет.
Окуучунун инсан катары жетилиши үчүн мугалим менен ата-эненин бирдиктүү тарбиясы абдан маанилүү. Куш эки канаты менен гана уча алат, ошол сыяктуу мугалим окуучунун бир канаты болсо, ата-эне – экинчи канаты. Эки канат бирдей кагылып, бир максатка багытталган учурда гана окуучуга жетиштүү тарбия берилет. 
Семинарга келген ар бир ата-эне. агайдын тарбиялык мааниси терең, таасирлүү сөздөрүн угуп руханий жан дүйнөлөрун байытып кетти деген ишеничтебиз.
Эне үй-бүлөнүн түркүгү, куту. Энелердин билими күчтүү болсо гана алардан билимдүү балдар тарбияланат.
“Энеси жакшынын баары жакшы, атасы жакшынын бири жакшы” деген макал сыяктуу ’Эне билимдүү болсо, балдар билимдүү болот, балдарыбыз билимдүү болсо, мамлекетибиз күчтүү болот”  деген Гапыр агайдын жакшы сөзү менен  семинарды жыйынтыктадык.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru