Кош жылдыз

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жаңы жылга карата мугалимдерге жагымдуу жакшы маанай тартуулоо максатында мугалимдер арасында "Кош жылдыз" конкурсу уюштурулуп, жогорку деңгээлде болуп өттү.
Конкурска ар бир кафедрадан экиден жуп тандалып,  жалпы он бир конкурсант чыгышты.
Биринчи тапшырмада конкурсанттар өздөрүнө бөлүнгөн ( патриоттук, фольклордук, классикалык, реп, ата-энеге арналган ырлар, сүйүү темасындагы) ырларды жогорку дегээлде аткарышты.
Экинчи тапшырмада, өздөрүнө бөлүнгөн улуттук бийлерди мыкты чеберчилик менен жогорку деңгээлде аткарышып, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулашты. Мындан сырткары жаңы жылды утурлай мектеп-лицей үчүн чоң жаңылык болду. Мектеп-лицейдин биология мугалими Дооранова Фарида эжекебиз Кыргыз Республикасынын "Эмгек сиңирген мугалими" наамын алды. 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru