Манас эпосунун күнү

4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө карата Профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛде таң эрте сабак башталардын алдында МАНАСтын урааны чакырылып, мектеп-лицейибиздин жаш манасчыларынын Манас айтуусу менен башталды. Кыргыз элинин улуттук сыймыгы, көөнөрбөс байлыгы болгон “Манас” эпосунун күнүнө карата мектеп-лицейибиздин жыйындар залында чакан майрамдык иш-чара уютурулду. Манас эпосун сактоо жана жайылтуу менен келечек муунга татыктуу тарбия берип, Манас таанууну өнүктүрүүгө зор салым кошуп келгендиги үчүн “Манас”  айтуу ийриминин  жетекчиси Асаналы уулу Калилге мектеп администрациясы тарабынан ыраазычылык кат  берилди.
Ошондой эле  5-, 8-класстардын арасында “ Манас” эпосунун күнүнө карата дубал газеталар конкурсу өткөрүлдү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru