КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ

2023 -жылдын 15-майынан 19-майына чейин УИТМЛдин жатаканасында "КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ" темасында жумалык өтөт.
Жумалыктын максаты: Окуучуларга келечектеги кесипти эрте тандоонун пайдалуулугун жана кесипти тандоодо ѳз жѳндѳмүнѳ жараша тандоонун маанилүүлүгү боюнча түшүнүк берүү 
 
Теманын актуалдуулугу: Келечектеги кесипти тандоодо туура кадам коюга багыт алуу жана ага карата аракеттерди эрте курак кезден баштоонун пайдасы болуп, ошол кесипке болгон жѳндѳмүн жогорулатып, кызыктырууну жаратып, ага карай болгон аракеттерин жасоо менен келечектеги кесибине карата ѳзүн эрте жаштан тарбиялоо мыкты адистердин болуусуна багыттайт.
 
Жумалыктын биринчи күнү: "Психея хандыгы" темасындагы театрлаштырылган спектакль болуп өттү.
Максаты: Окуучуларга темперамент типтери жана мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳлүктѳр келечектеги кесипти тандоодо эң негизги ролдо тураары жѳнүндѳ түшүнүк берүү. Ошентип Психея хандыгынан адамдын мүнѳзүндѳгү ѳзгѳчѳлүктѳр бар экенин, ар бир адам уникалдуу жана ѳзгѳчѳ экенин дүйнѳгѳ таратылып, түгѳйлѳр жѳн эле табышпастан бири-бирине мүнѳзү аркылуу дал келигенде гана бактылуу үй-бүлѳ жаралаарын далилдеп, дүйнѳгѳ Психея хандыгы Адамдардын психологиясын таанытты. 
Темпераменттин ар бир түрү ар башкача сүйөт. Эгерде ар кандай адамдардан сүйүү жөнүндө сурашса, алардын ар бири үчүн бул аныктама темпераментине жараша ар башка болот. Темпераменттин ар кандай түрлөрү үчүн сүйүү эмнени билдирет, алардын муктаждыктары кандай жана алар бири-бирине канчалык шайкеш келээрин билсек болот.
Ошондой эле адамдын мүнѳзү келечектеги кесипти иштѳѳдѳ эң жогорку ролдо болоорун эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мүнѳзгѳ жараша тандалбаган кесип бул иштелбеген кесип десек жаңылышпайбыз, себеби ал кесипке ал адам ѳзү кызыкпастан, жашоосундагы ѳзүнѳ жакпаган иш аркылуу акча таап жашоого гана алып келет. Ал эми биз болсо тандап алган кесипти кызыгуу менен, ырахаттануу менен иштесек биз акча табуу эле эмес, биз ал кесип менен ынтымакта жашоодо болобуз. 
Бул драма адамдын психологиясынын сырын кѳрсѳтүүгѳ багытталды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru