Кылмыштуулукту алдын алуу

2023-жылдын 13- мартында УИТМЛнин жыйындар залында Бишкек шаарынын Свердлов районунун прократурасынын жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен УИТМЛ нин жогорку класстарынын ортосунда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулган жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда Свердлов районунун прократура жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, окуучуларга кылмыштуулуктун түрлөрүнүн алдын алуу тууралуу кенен маалымат беришти. Андан сырткары окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Окуучулар жолугушуудан кенен маалыматтарды алып, келечекте туура жашоо образын тандап алууга багыт алышты деген ишеничте болдук. Аягында УИТМЛ нин директору М. У. Касымалиев конокторго ыраазычылык билдирип,иштерине ийгиликтерди каалады.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru