КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ

Бүгүнкү күндѳ кыргыз радиосунун “Келечек” студиясында мектеп-лицейдин 9-м3 классынын окуучусу Камчыбеков Абай жана 7-а классынын окуучусу Эгамбердиева Рукайя уктурууларды алып барышууда.

 “Келечек” студиясында “Абайлаңыз, балдар суроо берет” долбооруна мектеп-лицейдин 5-6-классынын окуучулары Калыбекова Арууке, Султанбек уулу Тынарбек, Айдарова Сумая, Абдыжапаров Азиреттер Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Талиева Камила Абдыразаковна жана экс министр Алымкулов Алиясбек Толбашиевич менен жолугушуп, суроолоруна жооп алып кайтышты.

Ошондой эле "Көз караш" рубрикасында 10-класстын окуучулары Жакшылыков Айбек, Капалбаев Айтегин, Жоомар Салимбаевдер Жоомарт Бөкөнбаевдин "Чептен эрдин күчү бек" поэмасы тууралуу маек курушту.

“Лидер деген ким?”-деген талкууга 10-м3 класстынын окуучулары Алипбек кызы Аяна жана Намызбек уулу Нурдѳѳлѳт катышып, ойлорун тең бѳлүштү.

Дагы 8-м1 классынын окуучусу Байжигитова Даткайым бүгүнкү күндѳгү ийгиликтери жѳнүндѳ ой бѳлүшүп кайтты.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru