Кыскача тарыхтан маалымат

МЕКТЕП ТАРЫХЫНАН

     Жан дүйнөңдөн жаралып, оюңдун асылын арнаган балага кандай гана жакшы нерселерди арнабайсың. Ал гана эмес, бала окуп, билим алган мектеп да ыйык жай катары бааланып келет. Баланы турмушка такшалдырып, даярдоодо мектеп-тин орду чоң экендигин эч ким тана аябайт.

    Мектеп жөнүндө айтылган акылман ойлор, далай сонун накыл сөздөр Бишкек шаарындагы 90 жылдык тарыхы бар легендарлуу №5 мектепке арналып айтьшгандай. Респуб­лика менен өмүрлөш болгон, уясынан илимдүү жаштардын далай муунун тарбиялаган, эл кызматын аткарган жүз миндеген эр азаматтарды даярдаганы, берген билим - тарбиясы анын улуулугунун далили.

   Артка бир кылчайып, тарыхын барактап көрсөк-1926-жылы Таштак орто мектеби болуп, калаабыздын Москва - Герцен көчөсүнүн кесилишиндеги имаратта эки класстык бөлмөдө уюштурулган.

   Эң биринчи директору Бектурган Койчуманов. Ал мектеп ачылаардан бир жыл мур-да 1925-жылы январь айында Москвада мугалимдердин Бүткүл Союздук съездинде Н.ККрупская менен жолугушкан. Таштак жети жылдык орто билим берүү мектебиндеги 6 мугалим 67 окуучуну окутушкан. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдун саны 17.

      Жалпы республика боюнча балдарды окутуп, тарбиялоо максатында 1936-37-окуу жылы мектеп алдында интернат уюштурулат.

     Мектеп - коомдун күзгүсү деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени, өлкөбүздө бо-луп жаткан саясий-экономикалык өзгөрүүлөр мектепке да чоң таасирин тийгизген. Улуу Ата-мекендик согуш мезгилинде биздин мектептин мугалимдери жана жаңы бүтүргөн бүтүрүүчүяөр да аттестаты менен кошо колуна курал алып, эли-жерин коргоого кетиш-кен. Согушта №5 мектеп директору КЛермечиков, физика мугалими - Кубатбеков, кыргыз тили, адабияты мугалими - Акматов, орус тили мугалими - С.Остроумов, мектептин бүтүрүүчүлөрү - И.Тазабеков, АИмангелдиев, А.Исмаилов, К.Үсөналиев, БЖоомартов Москва алдындагы салгылашууда баатырдык менен курман болушкан.

     Өткөн тарых барактарын карап көрсөк, №5 мектептин 1946-1966-жылдарын «көчмөндүк мезгили» деп койсо да боло турган. Себеби, кыргыз тилдүү мектептерге көп көнүл бурулбай, бир жерден экинчи бир жерге түрткүнчүк болгон сыяктуу.

Ушул жылдары мектеп Москва - Герцен көчөсүнөн - М.Абдыраев атындагы музыка-лык мектебине, андан «Юный техник» клубуна, андан №3 орус мектебине, андан Совет көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу имаратка көчүрүлөт.

       Ошентип, бүгүнкүдөй билим сересине жетүү үчүн кандай гана күндөрдү башынан өткөргөн эмес.

      №5-кыргыз толук эмес орто мектебинин биринчи директору К.К.Каримов. Кыргыз-станда мугалимдерден биринчи болуп өкмөттүк жогорку сыйлык - Ленин ордени менен сыйланган. Мектепте комсомол, пионер жана тарбиялык уюмдары чоң жоопкерчиликте иштеген.

    80 жылдын ичинде миндеген окуучуларды окутуп тарбиялап өстүрүп, билимин берген мугалимдердин эмгегине таазим этип, бардык бүтүрүүчүлөрдүн атынан башыбызды ийе-биз: Кидибаева Рахима, Рудаков Михаил, Ж.Г. Сайфулина, Х.Ш. Абдулина, М.А. Алжанба-ев, Л.О.Жолдошева, AT. Папакова, ВЛ. Логвиненко, Л.И. Голдовская, Аюпова Калиман, Абузярова Г.М., БАСүйүмбаева, Е.В.Поленук, М.О.Өмүралиев, У.М.Ялалов, Бекбоев Исак, Шаменова Шаанигүл, Ачакеева Күлгүн, Алиева Сабила, Усубалиева Урсия, Осмонова Са-гын, Эгембердиева Максат, Саймасаева Галя, Акылбекова Гүлай, Ысыкеева Шайгүл, Ниязбаева Дүйшөкан, Балтагулова Гүлсүн, Литвак Елизавета, Осмонов Сыдыкбек, Мамбеталиева Майрамкан, Мамбеталиева Тамара, Адамалиева Софья, Исакеева Калича, Кунченко Л.Ф., И.И Лактионов, Т.Ровнягина, Е.Г.Гарри, М.ЕЛопухин, Сулайманова Окен, Жанчарова Б., Жансеркеева К., Эгембердиева Т, Ботбаева Ч., Бейшембаева Н., Акматов Ч., Асанбаева А, Исакова Б., Иманкулова К.,Түмөнбаева Б., Темиркулова К., БайболотоваТ, Абдрахманова Т, Сааданбекова К., Турусбекова А., ТуйбаеваД., Бекенова А., Сатиева С, Керимбекова Т., Иманалиева Т

      Бүгүнкү күнү мектеп өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Алсак Абдылда Каниметов, Сопубек Бегалиев, АпасЖумагулов, Ишенбай Абдразаков, Медеткан Шеримку-лов, Бейшегүл Үмөталиева, Аскар Какеев, Абдыбек Суталинов, Кубанычбек Сыйданов. Р. Алканов, Токтоналиев Алиаскар, Турсунов С, Медеров 0., Кулов Б., Наматбаев С Жумагазиев С, Касендеев И., Кыдыралиева С, АкматовЖ., Бирназаров С, Айбалаев М.. СоветбекТоктомушев, Каратал Оторбаев, Туратбек Мусуралиев, ЖеңишбекТентиев, Санжарбек Данияров, Абдыкай Шалпыков, Калдыбай Сатаров, Айдаркан Молдокулов, Октябрь Медеров, Мырзабек Иманалиев, Марат Султанов, Таирбек Сарпашев, Темир Сариев, Ра-хатбек Ирсалиев, Жакыпбекова Токтобүбү, Айгуль Рыскулова, Сапарбек Балкибеков. Абыкеев Алмаз, Шамбетова Суусар сыяктуу эл багар уул-кыздар, Даркүл Күйүкова, Бай-дъшда Сарногоев, Ашым Жакъшбеков, Салижан Жигитов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов,Тургунбай Сыдыков,Турар Кожомбердиев, Эрнист Турсунов, Өскөн Даникеев. Жамал Сейдакматова, Алмазбек Зарлыкбеков, Жалил Садыков сыяктуу орошон таланттар бүтүп чыгышкан.

      Кыргыз Республикасынын жалпы интеллигенциясынын кыйласы да биздин сүйүктүү бүтүрүүчүлөрүбүз десек жаңылышпайбыз.

     Албетте, кылымга тетер тарыхы бар мектептин ар бир бүтүрүүчүсүн атап айтсак жарашат. Мүмкүн ушул китеп ар бир бүтүрүүчүгө түрткү болуп өзүнүн учкан уясына келип - мен да ушул мектептин бүтүрүүчүсүмүн деп өзү жөнүндө маалымат берип, мектептин энциклопедиясынын кийинки чыгарылышына көмөк көрсөтүп, салымын кошмокчу.

      №5 мектептин педагогикалык коллективи окуу-тарбия иштериндеги жетишкен ийгп-ликтери үчүн бир топ сыйлыктарга ээ болгон. Алсак:

      1972-жылы ВЦСПСтин юбилейлик «Ардак төш белгиси» менен;

      1976-жылы Кыргыз ССРнинЖо горку Кеңешинин президиумунун Ардак грамотасы;

      1985-жылы Кыргыз БКнин «Кызыл туусу» менен сыйланган;

      1990-жылга чейин республикадагы бирден бир жалгыз эксперименталдык мектеп болуп келген.

      Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1990-жылы 16-августтагы чечими менен №5 мектеп-гимназиясы болуп уюшулган.

       1997-жылы 6-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «Улуттук компьютердик гимназия» болуп уюшулган.

      Бүгүнкү гимназия мезгил талабына үндөшүп, келечекте кыргыз элинин жүгүн көтөргөн уул-кыздарды тарбиялап, билим берүүдө тарыхта из калтырган №5 мектептин салттуу сапаттарын улантууда. Учурда улуттук компьютердик гимназияда 3087 бала окуса, анын 183 жатакананын тарбиялануучулары. Жогорку билимдүү 165 мугалим, 11 тарбиячы эмгектенет. Жалпы мугалимдер жамааты «Билим берүүнүн жаңы технологияларын чыгармачылык менен колдонуу аркылуу билим сапатына жетишүү» - чакырыкта иштеп жатышат.

     Мугалимдердин 60% тен көбү тажрыйбалуу мугалимдер. Коллективдин өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтүп, «Сынчыл ойломду - жазуу жана окуу аркылуу өркүндөтүү», «Глобалдык билим берүу» жана башка программаларды окуп, сертификаттарга ээ болгон.

   Мугалимдер арасында «Чыгармачыл мугалимдердин клубу», «Илимий методикалык инновациялык топ», «Илимий эксперттик - аналитикалык топ», «Диагностика жана мо­ниторинг» борбору-деген чыгармачыл бирикмелер бар.

     Гимназияда жаш мугалимдер үчүн «Жаш мугалимдер клубу» - иштейт. Негизги максаты жаштарга методикалык жактан ар тараптуу жардам берүү.

      Жалпы мугалимдердин интеллектуалдык деңгээлин жакшыртуу максатында «Жылт эткен жылдыздар» темасында жаштар арсында, «Эн мыкты кабинет», «Эн мыкты көрсөтмө курал жана сабактын планы», «Жыл мугалими» - конкурстары өткөрүлуп, мугалимдерге материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлүп турат.

УКГда ата - энелер менен тыгыз байланышта иштөө жолго коюлган.

     Жалпы мугалимдер жамаатына колдоо көрсөтүү жана жалпы окутуу - тарбиялоо иш-терин жакшыртуу максатында ата-энелердин оз алдынча «Билим башаты» коомдук бирикмеси иштейт. Ошондой эле биздин ата-энелер гимназиянын «80 жылдыгына» да чоң жардам көрсөтүштү.

    Окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү максатында гимназияда кружоктор иштейт. Алсак, драм, сүрөт, бий, волейбол, шахмат, кол өнөрчүлүк, фольклордук - этнографиялык ансамблдик кружоктору иштеп келет.

    Бүгүнкү күнү УКГнын мугалимдер жамааты кыргыз элинин көптөгөн жүгүн аркала-ган уул - кыздарды тарбиялоо жана дүйнөлүк билим берүү системасынан артка калбай, мезгил талабына ылайык билимди окуучуларга берүү, тарбиялоо үчүн бүт аракеттерин жумшоодо.

 

Жаңы түзүлгѳн материалдардын негизинде:

А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия

 жөнүндө маалымат

       Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында мурда эле орус мектептери ачылгандыктан биринчи кыргыз мектеби катар саны боюнча бешинчи мектеп болуп, бүгүнкү күнгө чейин «легендарлуу бешинчи мектеп» деп аталып келе жатат. Дээрлик жетимишинчи жылга чейин ал жападан жалгыз кыргыз мектеби болуп келди. Шаарда орус мектептеринен тышкары ал кезде Нарцианов атындагы өзбек мектеби, татар мектеби жана дин багытындагы медресе боло турган. 1937-жылы орус акыны А.С.Пушкиндин 100 жылдыгына карата өлкөдө өтүп жаткан иш чаранын алкагында, интернационалдык тилектештикти белгилеп, Кыргыз Өкмөтү №5- алгачкы кыргыз мектебине А.С.Пушкиндин атын ыйгарышкан. Алгачкы мектеп 1926-жылы Таштак орто мектеби болуп Москва-Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндедеги имаратта эки класстык бөлмөдө уюштурулган. №5-кыргыз мектебинин уюштуруучуларынын бири, шаардык эл агартуу бөлүмүнүн башчысы М.А.Рудаков кыргыз тилин мыкты билгендиктен  мектепке убактылуу директор, окуу бөлүмүнүн башчысы  болуп дайындалган. Алгачкы директору Бектурган Койчуманов болгон. Ал мектеп ачылардан бир жыл мурда 1925-жылы Москвада мугалимдердин Бүткүл союздук съездинде Н.К.Крупская менен жолугушкан. Алгачкы Таштак жети жылдык мектебинде 6 мугалим эмгектенип, 67 окуучуну окутушкан. Алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн саны 17 окуучу болгон.

         1936-37- окуу жылында республиканын бардык аймактарынан балдарды  окууга тартуу максатында мектеп алдында интернат уюштурулат. Ата Мекендик согуш мезгилинде мектептин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү аттестаты менен кошо колуна курал алып согушка кетишкен. Согушта мектептин директору К.Термечиков, физика мугалими С.Остроумов, мектептин бүтүрүүчүлөрү И.Тазабеков, А. Имангелдиев, А.Исмаилов, К.Үсөналиев, Б.Жоомартов Москва алдындагы салгылашууда курман болушкан.

        1946-1966-жылдары кыргыз тилдүү мектептерге көп көӊүл бурулбай түрткүнчүлүккө учураган, көчмөндүк мезгил болгон. Бул жылдары мектеп Москва-Герцен көчөсүнөн М.Абдраев атындагы музыкалык мектеби турган имаратка, андан «Юный техник» клубуна, андан №3-орус мектебинин имаратына, андан Совет көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу имаратка көчүрүлгөн.

       №5- мектептин экинчи директору К.Каримов Кыргызстанда мугалимдерден биринчилерден болуп Ленин ордени менен сыйланган.

     90 жылдын ичинде он миӊдеген окуучуларды тарбиялап өстүргөн мугалимдерге башты ийип таазим кылса болот. Алар: Кидибаева Рахима, Рудаков Михаил, Ж.Г.Сайфулина, Х.Ш. Абдулина, М.А.Алжанбаев, Г.М.Абузарова, Б.А.Сүйүнбаева, Е.В.Поленук, М.О. Өмүралиев, Исак Бекбоев, Максат Эгембердиева, Шаанигүл шаменова, Күлгүн Ачакеева, Сабиля Алиева, Сагын Осмонова, Гүлсүн Балтагулова, Сыдыкбек Осмонов, Тамара, Майрамкан Мамбеталиевалар, Софья Адамалиева, Окен Сулайманова, Чолполн Акматов, Б.Түмөнбаева, К.Темиркулова, Т.Байболотова, С.Сатиева, Т.Керимбекова ж.б.

           Республиканын булуӊ бурчтарынан билим алууга ынтызар болуп келишкен жаштардан он миӊге чукул окуучу №5-мектепти бүтүрүп, алардын көбү партиялык жана мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатышат. Алсак, Абдылда Каниметов, Сопубек Бегалиев, Апас Жумагулов, Ишенбай Абдразаков, Медеткан Шеримкулов, Бейшегүл Үмөталиева, Аскар Какеев, Абдыбек Суталинов, Кубанычбек Сыйданов, Райкан Алканов, Алияскар Токтоналиев, С.Турсунов, О.Медеров, С.Наматбаев, С.Касендеев, С.Акматов, Сапар Бирназаров, М. Айбалаев, С.Токтомушев, С.Данияров, М.Иманалиев, Марат Султанов, Таирбек Сарпашев, Темир Сариев, Р.Ирсалиев, Айгүл Рыскулова, С.Балкибеков, адабият, искусство ишмерлеринен Даркүл Күйүкова, Байдылда Сарногоев, Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Тургунбай Сыдыков, Турар Кожомбердиев, Эрнис Турсунов, Өскөн Даникеев , Жамал Сейдакматова, Алмазбек Зарлыкбеков, Жалил Садыковж.б. бүтүрүп чыгышкан.

      №5-мектептин педагогикалык жамааты окуу- тарбия иштериндеги жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Алсак,

1972-жылы ВЦСПСтин юбилейлик «Ардак төш белгиси,

1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы,

1985-жылы Кыргызстан КП БКнын «Кызыл Туусу»,

2006-жылы Даӊк медалы менен сыйланган.

      1990-жылы Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин чечими менен №5 мектеп гимназиясы болуп уюшулган.

     1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Улуттук Компьютердик гимназия болуп уюшулган.

    2011-жылы Улуттук компьютердик гимназияга  ушул мектептин бүтүрүүчүсү, экономика илимдеринин доктору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы берилген.

    Учурда УКГда 3113 окуучулар математикалык (математика, физика), гуманитардык (кыргыз,орус, англис, немис, кытай жана япон тилдери), табигый (химия, биология) профилдери боюнча тереӊдетилип окутулат.

    Гимназияда жогорку билимдүү 165 мугалимдер эмгектенет. Алардын ичинен 2 мугалим педагогика илимдеринин канидаты (математика-информатика, химия предметтери боюнча) 49-билим берүүнүн отличниктери, 82-жогорку категориядагы, 8-1 категориядагы, 11-экинчи категориядагы, 19- категориясы жок мугалимдер.

   Мугалимдердин кесиптик потенциалы жогорку деӊгээлде. Окуу стандартына ылайык окуу китептеринин авторлору жана авторлошору: 10-класстын химия окуу китебинин авторлошу З.Женалиева, Адеп окуу китебинин автору Ө.Саалаев, 5-8-класстарынын информатика китептеринин авторлошу М.Касымалиев, ОТЖ сабагы боюнча көрсөтмөлүү окуу пособиясынын авторлошу Г.Абыкова УКГда эмгектенишет. Чыгармачыл мугалимдер өз предметтери боюнча окуу методикалык колдонмолорду чыгарып, экономика, тарых, география, кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча тесттик чыгарылыштын авторлорунун катарында өз салымдарын кошуп келе жатышат. Учурда предметтик сабактар боюнча электрондук китептер иштелип чыгууда.

     Гиназиянын алдындагы интернатта 187 окуучулар жатып окушат Алар үчүн бардык шарттары, 3 маал тамак ашы, китепкана залдары камсыз болгон. Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган.

   2012-2018-окуужылдарынын аралыгында окуучулардын билим сапаты 36 пайыздан 62 пайызга чейин өстү.

     Гимназиянын илимий иштерин алга жылдырууга багытталган мультимедиялык борбор иш алып барат. Борбор интерактивдик доска жана башка заманбап техникалар менен жабдылган.

     Мектептин окуу программасына ылайык предметтик сабактар жана чыгармачыл кружоктор иш алып барышат.

 

Сайт УКГ: www.ncg.kg

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru