БИЛИМГЕ УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ЖАТАКАНАГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ!

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жатаканасына 2026–2027-окуу жылына 7–11-класстардын таланттуу, билимге умтулган,изденүүгө кызыккан жана алдына так максат койгон окуучулары кабыл алынат.

 Жатакана — бул жөн гана жашоо жайы эмес. Бул — окуучулардын билим алуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өркүндөтүүсүнө, өз алдынча өсүүсүнө шарт түзгөн ыңгайлуу чөйрө.

Окуучулардын күнүмдүк жашоосу жана окуусу үчүн төмөнкү шарттар каралган:

  • коопсуз жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсү;
  • заманбап электрондук китепкана;
  • ыңгайлуу ашкана;
  • душ бөлмөлөрү.

 Бул жерде ар бир окуучу өз убактысын натыйжалуу пайдаланып, сабактарына көңүл буруп, жаңы идеяларын ишке ашырууга жана алдыга койгон максаттарына жетүүгө багыт ала алат.

Анткени ийгиликке жетүү үчүн туруктуу эмгек, туура чөйрө жана максатка умтулуу маанилүү.

 Кабыл алуу 2026-жылдын 10-августунан башталат!

 Келечекке карай ишенимдүү кадамды бүгүн баштаңыз!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru