УЛУТТУК ДЕМ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАГА КАРАЙ
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалимдери педагогикалык квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу максатында Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарына келди.
Бул сапар, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин үзүрлүү натыйжаларынын бири болуп саналат. Аталган демилгени ишке ашырууда жана мугалимдерге мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүүдө «Бакдөөлөт» коомдук фондунун эмгеги өзгөчө баалоого татыйт.
Фонд тарабынан уюштурулган «Кыргыз таануу» багытындагы семинар сабактар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин гана арттырбастан, улуттук баалуулуктарды, мекенчилдик сезимди жана руханий мурастарды жаш муундардын аң-сезимине терең сиңирүүгө багыт берди. Алынган билимдер мектептерде ийгиликтүү жайылтылып, окуучулар үчүн ачык сабактар, тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү.
Айрыкча тарбия багыты боюнча класстан тышкаркы сынактарга окуучуларды мыкты даярдап, жогорку жыйынтыктарды камсыз кылган мугалимдер бүгүн өз эмгегинин үзүрүн көрүп, эл аралык деңгээлде билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул сапар — мугалимдин үзгүлтүксүз изденүүсүнүн, улуттук нарктарга негизделген тарбия ишинин жана сапаттуу билим берүүгө болгон жоопкерчиликтүү мамиленин жемиши. Дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү менен бирге, улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү сактап, кийинки муундарга жеткирүү ар бир педагогдун башкы миссиясы бойдон калууда.
Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берип, мугалимдердин кесиптик өсүүсүнө жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Бакдөөлөт» коомдук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз. Фонддун агартуу тармагындагы демилгелери мындан ары да үзүрүн берип, өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарды тарбиялоого кызмат кыла берсин.
Улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктиктерге карай умтулабыз!








