Ак жол сага, алтындай бүтүрүүчү!

2026-жылдын 29-май күнү профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде «Акыркы коңгуроо - 2026» салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Иш-чараны мектеп-лицейдин директору Ибрагимов Жайнак Усенович бүтүрүүчүлөргө арналган куттуктоо сөзү менен расмий түрдө ачып берди.
 
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, кең келечек тиледи.
 
«Силер жөн гана бүтүрүүчүлөр эмес, кылымдык тарыхы бар мектептин бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Бул окуу жайдан өлкөнүн алгачкы интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер билим алышкан. Ошондуктан силерге болгон ишеним чоң. Силер — биздин келечекке болгон үмүтүбүзсүңөр», — деп белгиледи министр.
 
Салтанаттуу иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен коштолду. Бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусунда «Классташым», «Эки канат» аттуу ырлар жаңырып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган күүлөр чертилип, акыркы вальс бийленди.
 
Иш-чара салтка айланган акыркы коңгуроонун кагылышы менен жыйынтыкталды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru