11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ КЫРГЫЗ РАДИОСУНДА КОНОКТО
2026-жылдын 24-май күнү профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 11-а жана 11-д класстарынын окуучулары — Асанова Мээрим, Мукашова Сайкал, Шералиева Арина жана Гадиева Саида Кыргыз радиосуна барып, 11-класстардын кесип тандоосу тууралуу маек куруп келишти. Маектин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр келечектеги кесипти туура тандоонун мааниси, өз кызыгуулары жана максаттары тууралуу ой бөлүшүштү.

