Билим берүүнү санариптештирүүгө өтүү-учур талабы

«Билим берүүнү санариптештирүүгө өтүү-учур талабы»

2018-2019-окуу жылынын 28-январында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери менен бирдикте «Билим берүүнү санариптештирүүгө өтүү-учур талабы» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын башында гимназиянын директору М. У. Касымалиев гимназиянын беш жылдык алдыга койгон максаттарына токтолду. Тегерек столдун практикалык бөлүгүндө гимназиянын предметтик мугалимдери өздөрүнүн түзгөн электрондук окуу китептерин тааныштырып өттү. Суроо-жооп, талкуулар болду. Андан сырткары гимназиянын электрондук китепканасы менен таанышышты.

УКГдагы даярдалган электрондук окуу китептеринин тизмелери:

  1. Кыргыз тили. 6-класс.  Батыркулова Миргүл.
  2. Кыргыз адабияты. 7-класс. Мамбеталиева Дамира.
  3. Орус тили. 4-класс. Абдраимова Бактыгүл
  4. Орус адабият. 10-класс. Мурзабаева Гүлзат
  5. Математика. 10-класс. Шаршеналиева Нүргүл
  6. Математика. 7-класс. Кадыркулова Зиягул
  7. Геометрия. 7-класс. Жумабаева Жумагүл
  8. Информатика. 5-6-класс. Касымалиев М. У.
  9. Физика. 11-класс. Камчыбекова Гүлсара
  10. Химия. 11-класс. Женалиева Закия
  11. Биология. 10-класс. Арстамбекова Минайым
  12. Технология. 5-класс. Каимова Айнагүл.
  13. Кыргыз тарыхы. 10-класс. Осекова Динара
  14. География. 7-класс. Абдрахманова Эрмек
  15. Мекен таануу. 2-класс. Мусаева Аманбү

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru