Олимпиададагы ийгиликтүү кадамдар
Insan School KG окуу борбору англис тили,математика жана кыргыз тили сабактары боюнча Smart Co олимпиада өткөрүп 7 облус боюнча 5000 ден ашуун окуучунун башын бириктирди. Ушул олимпиадага профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп- лицейинин 4 классынын окуучулары да катышышып,мыкты көрсөткүч көрсөтүшүп,байгелүү орундарга ээ болушту.
Алардын ичинен 4а классынын окуучусу Абдрахманова Алия кыргыз тил сабагынан катышып, алтын медальга, Саламатов Хамза күмүш медальга ээ болушту. Алмазбекова Нуриза математика сабагынан катышып, коло медальга татыктуу болду. Сабак берген мугалими Шайбекова Чынара. Өмүрканов Амир англис тил сабагынан катышып,”1- орунду”багындырып, алтын медаль тагынып,акылдуу саат жана сертификаттын ээси болду. Уланбеков Нуртилек англис тил сабагы боюнча катышып,күмүш медальды багындырды. Сабак берген мугалими Алыбаева Динара. Азаматов Арнас англис тил сабагы боюнча олимпиадада алтын медальга татыктуу болду. Мугалими Алымкулова Гүлжан.
Бул жеңиш-окуучулардын тырышчаак эмгегинин аркасы менен, изденүүсү,тилге болгон кызыгуусу жана мугалимдеринин үзүрлүү эмгегинин жемиши.
Бул одимпиада- окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып,келечекке болгон ишенимин бекемдеген ири долбоорлордун бири болду. Билим берген мугалимдерине ыраазычылык билдирип,окуучуларына ийгиликтерди каалайбыз.



