InfoChek-Хакатон 2026: УИТМЛдин окуучусу Ташкентте өтө турган Эл аралык долбоорго катышат

InfoChek-Хакатон 2026
 Өзбекстандагы Гёте институту тарабынан уюштурулган InfoChek-Central Asia долбоорунун алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан IT тармагына кызыккан өспүрүмдөр үчүн эл аралык сынак жарыяланган.
 
InfoChek Central Asia — бул өспүрүмдөргө фейк маалыматтарды, дипфейктерди, кибербуллингди жана башка санариптик коркунучтарды таанып-билүүгө жардам берген Гёте институтунун долбоору. Долбоор оюндар, VR-технологиялар, мобилдик тиркемелер жана китепканалардагы интерактивдүү аймактар аркылуу ишке ашырылат. Хакатондо мыкты деп табылган иштеп чыгуулар аймак боюнча колдонулуучу ушул программаларга киргизилет.
 
Бул тандоо этабынан 8-д класстын окуучусу Белек Сагындыков ийгиликтүү өттү. Ал немис тили мугалими Майрам Касаболотова менен бирге 2026-жылдын 12–14-июнь күндөрү Ташкент шаарына барып, Германиядан келген эксперттер жана башка катышуучулар менен биргеликте эл аралык хакатонго катышууга мүмкүнчүлүк алды.
 
Майрам Усеновнага чыгармачылык ийгиликтерди, бекем ден соолук жана мындан аркы эмгегинде чоң жетишкендиктерди каалайбыз! Окуучуларга сапаттуу билим берип, жаңы ийгиликтерге шыктандырып жүрө бериңиз!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru