Немис тили — чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачты

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин окуучулары эл аралык PASCH долбоорлорунда чоң ийгиликтерди жаратышты.

Жыл сайын Кыргызстандагы PASCH-мектептеринин окуучулары «Германиядагы жаштар курстары» аттуу эл аралык сынакка активдүү катышып келишет. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Казакстандагы Goethe-Institut тарабынан атайын стипендия берилет.

Быйыл бул чоң мүмкүнчүлүккө 10-класстын окуучусу Аиша Калилова ээ болду. Ал Германиянын Пфорцхайм-Хоэнварт шаарында 2026-жылдын 2-августунан 23-августуна чейин өтө турган үч жумалык тил курсуна катышат. Goethe-Institut жол кире, жатакана, тамак-аш жана камсыздандыруу чыгымдарын толугу менен каржылайт.

Ошондой эле, 2026-жылдын 9-августунан 15-августуна чейин Түштүк Кореянын Сеул шаарында өтө турган «Регионалдык PASCH долбоору – 2026: NextGen Voices» эл аралык долбооруна Бекташева Акылай жана Курмангалиев Султан жолдомо утуп алышты.

Окуучулар өздөрүнүн ырларына музыкалык жана продюсерлик видео даярдап, сынакта мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Натыйжада алар Сеул шаарына барып, эл аралык долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Goethe-Institut бардык катышуучулардын жол кире, виза даярдоо, жатакана, тамак-аш жана камсыздандыруу чыгымдарын толугу менен өз мойнуна алат.

Окуучуларды даярдаган мугалим Чороева Анипа Кудайбергеновна.  Анипа эжеге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Немис тилин үйрөнүп жаткан окуучулар үчүн Германия тарабынан кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жаштардын билим алуусуна, дүйнө таанымын кеңейтүүсүнө жана эл аралык тажрыйба топтоосуна чоң колдоо көрсөтүлүүдө.

Окуучуларыбыздын келечеги кең, ийгилиги арбын болсун!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru