Талант жана эмгек — жеңишке жол ачты
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин “РАЙ” бийчилер тобу 17-май күнү "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору өткөрүлгөн «Планета танца» эл аралык бий сынагына катышып келишти.
Сынактын жыйынтыгында:
Беш бий ансамблинин арасында 2-Д класстын бийчилери I орунду багындырышты.
Төрт бий ансамблдин арасында 7-ж класстын бийчилери I орунга ээ болушту.
Ал эми он бий ансамблдин арасынан 7-А жана 10-Б класстарынын бийчи кыздары II орунду жеңип алышты.
“РАЙ” бийчилер тобунун жетекчиси, хореограф Азамат кызы Аэлитага жана УИТМЛдин таланттуу бийчилерине мындан ары дагы ийгиликтерди, чыгармачылык өсүүнү жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!






