Окуу эвакуациялык машыгуусу ийгиликтүү өткөрүлдү
2026-жылдын 30-апрелинде саат 09:40та Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде пландуу окуу эвакуациялык машыгуусу (учебная тревога) өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — өрт коопсуздугун алдын алуу, билим берүү мекемесинин өрткө даярдыгын текшерүү, ошондой эле өрт өчүрүү каражаттарынын, анын ичинде өрт крандарынын, өрт сигнализациясынын, авариялык чыгуу жолдорунун иштөө абалын баалоо жана кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдагы аракеттерин тактоо болду.
Машыгуу алдын ала бекитилген иш-пландын негизинде уюштурулуп, бардык тиешелүү кызматтар менен макулдашылган тартипте өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө окуучулар жана педагогикалык жамаат эвакуациялоо эрежелерин так сактап, коопсуз аймакка ыкчам жана уюшкандыкта чыгарылды.
Жыйынтыгында мекеменин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгы текшерилди.









