“Биз дени сак Кыргызстан үчүн” – биримдикти чыңдаган спорттук мелдеш

2026-жылдын 24-апрелинде профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Бүткүл дүйнөлүк спорт күнүнө карата “Биз дени сак Кыргызстан үчүн” аттуу спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара мектеп-лицейдин профсоюз уюму тарабынан уюштурулду.

Спорттук мелдешке жалпы 9 команда катышты:

  1. «КҮЧ БИРДИКТЕ» – мектеп-лицейдин администрациясы;
  2. «АЛГА» – башталгыч класстар кафедрасы;
  3. «МУРАС» – тарых жана география кафедрасы;
  4. «БИРИМДИК» – химия-биология жана маданият кафедрасынын айымдары;
  5. «ДРАЙВ» – физика жана информатика кафедрасы;
  6. «РУСАВЕДЫ» – орус тили жана адабияты кафедрасы;
  7. «ЖАЛЫН» – чет тилдер кафедрасы;
  8. «АК ТИЛЕК» – кыргыз тили жана адабияты кафедрасы;
  9. «МАКСИМУМ» – математика кафедрасы.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эстафеталык оюндарга, волейболго, аркан тартышка жана 60 метр аралыкка чуркоого катышып, өздөрүнүн шамдагайлыгын, күчүн жана командалык биримдигин көрсөтө алышты.

Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун – «КҮЧ БИРДИКТЕ» командасы;
 2-орун – «АЛГА» командасы;
3-орун – «БИРИМДИК» командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылып, ыраазычылык билдирилди.

Иш-чаранын негизги максаты – дене тарбияны жана сергек жашоо образын жайылтуу, мугалимдердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ошондой эле ден соолукту чыңдоого болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат.

Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон зор салымы үчүн мектеп-лицейдин профсоюз уюмунун төрайымы Дильбар Төлөбаевнага жана профсоюз уюмунун мүчөлөрү Добулбек Асанкановичке, Эркеайым Жаныбековнага терең ыраазычылык билдиребиз.

Алардын демилгеси, уюштуруучулук жөндөмү жана жигердүү аракетинин аркасында иш-чара мазмундуу, кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru