Китеп - адамзаттын жан дүйнөсүн жарык кылган нур
2026-жылдын 22-апрелинде мектеп-лицейдин 2-А классынын окуучулары жана алардын куратору Узакматова Мээрим Өмүрбековнанын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган мазмундуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар китеп тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштап, көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окуп беришти. Мындан тышкары, ыр-бий менен коштолгон маданий номерлерди аткарышты.
Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларды китеп окууга кызыктыруу, алардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана китептин адам жашоосундагы ордуна өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.






