Үч тилдеги дебатта УИТМЛдин окуучулары жеңишке жетишти
УИТМЛдин окуучулары экодебат турниринде алдыңкы орундарды багындырышты
2026-жылдын 18-апрелинде Чүй облусунун Таш-Дөбө (Воронцовка) айылындагы Чүй облустук зээндүү балдар гимназиясында 2025–2026-окуу жылынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аталышындагы жыйынтыктоочу дебат турнири болуп өттү.
Аталган турнирге биздин мектеп-лицейдин окуучулары активдүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Дебат турнир кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлдү.
Кыргыз лигасы боюнча:
1-орун — Асанова Мээрим, Жолдошева Диана (кубок, баалуу белектер, смарт-сааттар, сертификаттар менен сыйланышты)
2-орун — Курмангалиев Султан, Солтонбаев Нурсултан
4-орун — Абазбекова Адинай, Майрамбекова Раяна
Орус лигасы боюнча:
«Эң мыкты спикер» — Нуртилекова Айсезим
3-орун — Рахманбердиева Бегайым
Активдүү катышуучулар — Апсаматова Надира, Казакбаева Риза
Англис тил лигасы боюнча:
3-орун — «EcoGreen» командасы (Асанова Ажар, Кудуретбаева Айдеми)
Команда атайын грамота жана баалуу белектер менен сыйланды
УИТМЛдин окуучуларынын жетишкен ийгиликтери алардын билим деңгээлинин жогору экендигин жана логикалык ой жүгүртүү, өз оюн так жеткирүү жөндөмдөрүнүн өнүккөнүн дагы бир жолу далилдеди.
Окуучуларды жетектеп, турнирге даярдап алып барган мектебибиздин география мугалими, «Жаш экологдор-туристтер-дебатчылар» ийриминин жетекчиси Токтоналиева Айша Соотбековнага терең ыраазычылык билдиребиз. Анын эмгеги окуучулардын ийгиликтерине чоң салым кошту.
Айша Соотбековна, Сизге чың ден соолук, мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!






