Китеп дүйнөсүнө кызыктуу саякат
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 1-«Г» классынын окуучулары куратору Гүлүмкан Асанкадырова менен биргеликте К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына «Китеп — билим булагы» аттуу темадагы экскурсияга барышты.
Китепканага жасалган саякат абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, окуучулар китеп тууралуу ырларын көркөм айтып беришип, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү аткарышты. Ошондой эле «Байчечекей» ырын шаңдуу маанайда ырдашты.
Экскурсия окуучулар, мугалим жана ата-энелердин биргелешкен катышуусунда жогорку деңгээлде өттү.
Гүлүмкан эжеге чың ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!







