11-г классынын окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды ээледи
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 11-Г классынын окуучусу Пак Даниэль республика боюнча 1–11-класстардын окуучулары арасында өткөрүлгөн «ZEEN» интеллектуалдык олимпиадасында жогорку жыйынтыкты көрсөттү.
Ал орус тили сабагы боюнча 1-орунду, ал эми англис тили сабагы боюнча 3-орунду ээледи.
Бул жетишкендик окуучунун жогорку билим деңгээлин жана окууга болгон тырышчаактыгын тастыктайт.
Пак Даниэлге мындан аркы окуусунда ийгиликтерди каалайбыз!




