12-апрель — космонавтика күнүнүн 65 жылдыгына карата профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛдин 6-Ж жана 7-Ж класстарында ачык тарбиялык сабактар өткөрүлдү

Сабактардын негизги максаты — окуучуларга космосту изилдөөнүн тарыхын таанытуу менен бирге мекенчилдикке, илимге болгон кызыгууга жана чоң максаттарды коюп, аларга умтулууга шыктандыруу болду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын Ардагерлер союзунун өкүлдөрү катышып, жаш муунга баалуу насааттарын айтып, тарбиялык мааниси жогору сабактар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле 6-Ж классынын куратору Серкебаева Эльзана Молдобаевнага, 7-Ж классынын куратору Озубекова Нурзат Кубанбековнага жана мектеп администрациясына терең ыраазычылык билдиришти.
Бул сабактар окуучулар үчүн жөн гана маалымат алуу эмес, келечекке болгон көз карашын кеңейтүү, кыялданууга жана жаңы бийиктиктерди багынтууга түрткү берген маанилүү тарбиялык аянтча болду.
Жаш муун — келечектин ээси. Окуучулардын жүрөгүнө илимге болгон кызыгууну , мекенге болгон сүйүүнү  өстүрүү — бүгүнкү күндүн эң башкы милдети. Космоско жол ачкан кыялдар дал ушундай сабактардан башталат.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru