Эл аралык «Fire work of stars» бий конкурсуна “РАЙ” бийчилер тобу катышып келишти

2026-жылдын 5-апрелинде Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн 14-Эл аралык «Fire work of stars» бий конкурсуна профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛдин “РАЙ” бийчилер тобу ийгиликтүү катышып келишти.
Ийрим жетекчиси Азамат кызы Аэлитанын жетекчилиги алдында таланттуу окуучулар өз өнөрлөрүн татыктуу көрсөтүп, жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Конкурска катышкан 12 бий тобунун ичинен:
7А–10Б класстардын кыздарынан түзүлгөн топ — 2-орунду багындырды.
7-Ж классынын бийчи кыздары — 3-орунга ээ болушту.
Бул жетишкендик — жөн гана сыйлык эмес, бул — талыкпаган үзүрлүү эмгектин,  машыгуулардын, сахнага болгон чыныгы сүйүүнүн жана биримдиктин жыйынтыгы .
Ар бир кадам — өнүгүү. Ар бир сахна — жаңы мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү жеңиштер — эртеңки улуу ийгиликтердин башаты!
Силер менен сыймыктанабыз, УИТМЛдин таланттуу кыздары! Алга, дагы бийик максаттарды багындыра бергиле!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru