Окуучулардын таанып-билүү компетенцияларын өнүктүрүү ыкмалары
“Насаатчылар – жаш мугалимдердин жардамчысы” аталышындагы тажрыйбалуу мугалимдердин жаш педагогдор үчүн уюштурулган семинар, ачык сабактары старт алды.
Алгачкы семинар география жана информатика мугалимдери Токтоналиева А.С. жана Омургазиева Ж.Т. тарабынан
“Окуучулардын таанып-билүү компетенцияларын өнүктүрүү ыкмалары (география жана информатика сабактарында) STEM багытында” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – география жана информатика сабактарында окуучулардын таанып-билүү процесстерин активдештирүүгө багытталган инновациялык педагогикалык ыкмаларды талдоо жана практикада колдонуу.
Семинар учурунда STEM билим берүү технологиялары, предметтер аралык интеграция, проблемалык окутуу жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү колдоого арналган методикалык стратегиялар кеңири каралды.
Катышуучулар окуу процессинде окуучунун критикалык ой жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдөрүн жана чыгармачыл аракетин өркүндөтүүгө жардам берген интерактивдүү моделдер менен таанышып, практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.
Иш-чара жаш мугалимдердин методикалык потенциалын чыңдоого жана STEM багытындагы сапаттуу окутууну өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Жаш мугалимдер үчүн уюштурулган семинар графикке ылайык өткөрүлөт.



