Күз балы–2025

УИТМЛде жыл сайын өтүүчү салттуу «Күз балы–2025» сулуулук жана талант сынагы жогорку деңгээлде уюштурулуп, көрүүчүлөргө көӊүлдүү кечени тартуулады. Иш-чарага 11-класстардан 9 жуп катышып, күздүн ажайып көркүн чагылдырган номерлерди сунушташты.
Сынак өзүн-өзү тааныштыруу, таланттарды көрсөтүү, кулинардык шедеврлер, «Бал көйнөгүн» тааныштыруу, ошондой эле вальс бийи сыяктуу 5 тапшырмадан турду. Ар бир жуп оригиналдуулугу, чыгармачылыгы жана сахнадагы өзгөчө аткаруулары менен калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.
Калыстар тобуна мектеп-лицейдин жетекчилери, мугалимдер жана чыгармачылык жетекчилер кирип, ар бир тапшырма 5 баллдык система менен бааланды. Жыйынтыгында:
• 1-орун — 11-г классы
• 2-орун — 11-а классы
• 3-орун — 11-ж классы татыктуу болду.
Мындан тышкары, конкурстун катышуучуларына төмөнкү атайын наамдар ыйгарылды:
1. Күз периси – 2025 / Күз мырзасы – 2025
2. Ажарлуу пери – 2025 / Келишимдүү мырза – 2025
3. Өнөрлүү пери – 2025 / Өнөрлүү мырза – 2025
4. Сүйкүмдүү пери – 2025 / Сүйкүмдүү мырза – 2025
5. Жылдыздуу пери – 2025 / Жылдыздуу мырза – 2025
6. Таланттуу пери – 2025 / Таланттуу мырза – 2025
7. Сымбаттуу пери – 2025 / Сымбаттуу мырза – 2025
8. Креативдүү пери – 2025 / Креативдүү мырза – 2025
9. Чырайлуу пери – 2025 / Чырайлуу мырза – 2025
«Күз балы–2025» окуучулардын талантын, эстетикалык табитин, чыгармачылык потенциалын ачкан жагымдуу, кооз жана маанилүү иш-чара катары жыйынтыкталды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru