Декаданын ачылышы
Бүгүнкү окуу күнү Орус тили жана адабияты кафедрасынын декадасынын салтанаттуу ачылыш аземи менен башталды. Иш-чаранын алкагында мектеп-лицейдин фойесинде орус классик жазуучуларына арналган көркөм-адабий композиция орун алып, анда орус адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, китеп беттеринен жасалган эстетикалык инсталляциялар жана тематикалык материалдар көргөзмөнүн концептуалдык мазмунун түздү. Бул инсталляция адабий мурастын көп кырдуулугун визуалдык формада чагылдырып, окуучулардын эстетикалык кабылдоосун, адабиятка болгон кызыгуусун жана маданий аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталат.
Декаданын ачылышында окуучулар тарабынан музыкалык көркөм номерлер, улуттук жана классикалык музыкалык аспаптарда аткарылган чыгармалар тил жана адабият сабактарынын искусство менен табигый айкалышуусун көрсөттү. Декаданын мындан аркы күндөрүндө өтө турган адабий викториналарга, тематикалык сабактарга, чыгармачылык конкурс жана интеллектуалдык оюндарга активдүү катышууга чакырыктар айтылды.
Бул иш-чаралар окуучулардын лингвистикалык компетенцияларын тереңдетүүгө, адабий дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана дүйнөлүк маданий мурастын универсалдуу баалуулуктарын кабылдоого шарт түзө турган саамалык деп күтүлүүдө.




