«Kylym Cup 2025» — экологиялык дебаттар турнири
2025-жылдын 25-октябрында Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан уюштурулган «Kylym Cup 2025» аттуу экологиялык дебаттар турнири жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын башкы максаты - өспүрүмдөрдүн экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, алардын аналитикалык жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле дебат маданияты аркылуу турмуштук мааниге ээ көйгөйлөрдү талдоо жана чечүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
Турнирге борбордун ар түрдүү ийримдеринен түзүлгөн командалар катышып, «Туруктуу өнүгүү» темасынын алкагында кыргыз, орус жана англис тилдеринде курч жана мазмундуу талкуулар жүрдү. Жаш дебатчылар айлана-чөйрөнү коргоо, кайра иштетүү, экологиялык туризм жана жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу сыяктуу темалар боюнча өз ойлорун ишенимдүү түрдө айтышты.
Дебатта мектеп-лицейибиздин окуучулары алдыңкы орундарга ээ болушуп, Туристтик тур менен уюштурулуучу экскурцияга жолдомо алышты.








