Убакыт көпүрөсү: Сандар сүйлөгөн дүйнө

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде математика кафедрасынын декадасынын жабылышы «Математиканын улуу инсандары жана алардын дүйнөгө кошкон салымы» аттуу көркөм кече менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында окуучулар Байыркы Греция доорун, Пифагордун жашоо жолун жана Софья Ковалевская менен “Убакыт көпүрөсү” аркылуу болгон символикалык жолугушуусун сахналаштырып көрсөтүштү.
Алар «Сандар түбөлүктүү. Илим – убакытты жеңет!» деген ураандын алдында илимдин күчүн жана математика илиминин түбөлүктүүлүгүн көркөм чагылдырышты.

Кечеге математика китептеринин авторлору Касымов А.А. жана Бекмурзаева Б.А. катышып, мектеп жамаатына чакан белектерин тапшырышты.
Иш-чара учурунда улуу окумуштуулардын илимий ачылыштары тууралуу видеосюжеттер көрсөтүлүп, окуучулар даярдаган презентациялар, ырлар жана чыгармалар математиканын сулуулугун жана турмуштагы ордун айкын көрсөткөнүнө күбө болушту.

Бул кече окуучуларды илимге кызыктырып, чыгармачылык жана изденүү жөндөмдөрүн өрчүтүүгө өбөлгө түздү.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru