Биргелешкен чыгармачылык ишмердүүлүк
УИТМЛде 2025-жылдын октябрь айында 1-2-класстын окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Күз берекеси» темасында жашылча-жемиштерден жасалган композициялардын көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаттары балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ата-эне менен биргеликте чыгармачылык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана табигый материалдарды колдонуу аркылуу эстетикалык тажрыйбаны кеңейтүү болуп саналат.
Көргөзмөгө сунушталган эмгектер өзүнүн эстетикалык сапаттары, оригиналдуулугу жана чыгармачылык идеялары менен айырмаланды. Ар бир композиция күзгү жаратылыштын байлыгын, окуучулардын фантазиясын жана эмгекке болгон мамилесин чагылдырып, практикалык жана көркөм аспектилерин айкалыштырды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, ар түрдүү номинациялар боюнча грамоталар тапшырылды. Бул иш-чара балдардын чыгармачылык потенциалын баалоо жана колдоо, ошондой эле ата-эне менен балдардын биргелешкен ишмердүүлүгүн өнүктүрүү багытында натыйжалуу механизм болуп саналат.