“Жашыл мурас” экоакциясы
Республикалык экология, жаратылыш таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан уюштурулган “Жашыл мурас” аттуу экологиялык акцияга Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин "Жаш эколог-туристтер" ийриминин мүчөлөрү да активдүү катышышты.
Акциянын жүрүшүндө Гареев атындагы ботаникалык бакка 300дөн ашуун ийне жалбырактуу дарактардын, туялардын жана кайыңдын көчөттөрү отургузулду.
Бул иш чарада УИТМЛдин экоийрими Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан “Экокомпостер” жана Сертификат менен сыйланды. Бул сыйлык мектептин экологиялык тарбия берүү багытындагы эмгегине жана жаратылышты коргоо жаатындагы демилгелерине берилген жогорку баа болуп саналат.
“Жашыл мурас” – келечек муундар үчүн таза, жашыл айлана-чөйрөнү сактоого чакырган маанилүү кадам!