Томск мамлекеттик университетинин окуучулар менен жолугушуусу

Томск мамлекеттик университети 11-класстын окуучуларына кесипке багыт берүү максатында атайын жолугушуу уюштуруп, бүтүрүүчүлөргө университеттеги факультеттер жана адистиктер, студенттик жашоо, билим алуу шарттары, эл аралык алмашуу программалары жана практикалык тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеңири маалымат беришти. Ошондой эле окуучулар университеттин материалдык-техникалык базасы, китепканалары, окуу корпустары туурасында видео материал менен таанышышып, адистерден өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Мындай иш-чаралар жаштардын келечектеги адистик тандоосуна жардам берип, билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт. 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru