Комуздун күүсү менен башталган мектеп күнү

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 9-сентябрдагы окуу күнүн "Комуз күнүн" белгилөө менен баштады. Мектеп-лицейдин комузчулар ансамбли кыргыз комуз өнөрүнүн классикалык күүлөрүн чертишип,  Атай Огомбаевдин  "Маш ботой",  Болуш Мадазимовдун  "Эргиме", Ыбрай Тумановдун  "Жаш тилек"  чыгармалары жаңырды.

Мектеп администрациясы окуучуларды таң эрте комуз күүлөрү менен тосуп алып, бул күндүн маани-маңызын кеңири түшүндүрүү менен комуздун тарыхы,  муундан-муунга өтүү баалуулугу жана кыргыз элинин руханий дүйнөсүндөгү орду тууралуу маалымат берип, окуучуларга улуттук аспапты ардактап, өнөрдү улантуунун зарылдыгы туурасында маалымат берди.

Комуз күнү – кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузга арналган өзгөчө күн. Ал жыл сайын 9-сентябрда белгиленип, кыргыздын маданий мурастарын сактоо, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундарга жеткирүү максатын көздөйт.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru