УИТМЛ 2025–2026-окуу жылын салтанаттуу түрдө ачты

2025-жылдын 1-сентябрында Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи жаңы 2025–2026-окуу жылы үчүн өз эшигин кеңири ачып, салтанаттуу иш-чара менен “Билим күнүн” белгиледи. Иш-чарага мектептин администрациясы, мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери активдүү катышышты. Мектептин короосу майрамдык маанайга бөлөнүп, жаңы окуу жылынын башталышы чоң кубаныч жана шыктануу менен тосуп алынды.

Салтанат учурунда биринчи жолу мектеп босогосун аттаган жаш бөбөктөр көркөм ырларды жана музыкалык чыгармаларды аткарып, катышуучуларга жагымдуу таасир калтырышты.

Мектеп жетекчилиги өз сөзүндө жаңы окуу жылында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инновациялык методдорду колдонуу жана окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү багытында бир катар жаңычыл кадамдар көрүлөрүн белгилеп,  мектеп инфраструктурасы заманбап талаптарга ылайык жаңыланганы, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлгөнү тууралуу маалымат берилди. Салтанаттын соңу 1-11- класстар үчүн  класстык-тарбиялык сабактар менен коштолду.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru