Мектепти сактоо — ар бирибиздин милдет

Кымбаттуу окуучулар!
 
100 жылдык тарыхы бар мектебибизге капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө ал жаңы кейипке келип, жарык, таза жана кооз абалга жетти. Бул — ар бирибиз үчүн чоң кубаныч жана сыймык.
 
Мектеп — билимдин гана эмес, тарбиянын, адамдык баалуулуктардын очогу. Анын ар бир дубалы, партасы, китеп текчеси — мугалимдердин жана муундардын мээнети менен жаралган. Эми бул жарык жана ыңгайлуу шартты сактоо — бизден, сиздерден, урматтуу окуучулар, түздөн-түз көз каранды.
 
Ошондуктан, ар бир эмерекке, ар бир бурчка аяр мамиле кылып, тазалыкты сактап, мектеп мүлкүн өз үйүбүздөгүдөй көрүп, аны таза жана жарактуу абалда кармоо — бул биздин милдетибиз. Мектепке болгон сүйүүбүздү, урмат-сыйыбызды мына ушул иш-аракеттер аркылуу көрсөтө алабыз.
 
Сиздерди тартиптүү, жоопкерчиликтүү жана тыкан окуучу болууга чакырабыз. Билимге умтулуп, мугалимдердин берген ар бир сабагын баалап, ата-энебиздин, мугалимдерибиздин жана мекенибиздин ишенимин актагыла!
 
Жаңы окуу жылында баарыңыздарга ийгилик, жаңы бийиктиктерди багынтууңарды каалайбыз!
 
Мектеп администрациясы

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru