Мектепти бирге сактайлы
Урматтуу ата-энелер!
100 жылдык тарыхы бар мектебибизге капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ал заманбап, жарык жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүнө айланды. Бул — жалпы коомчулуктун, мамлекеттик мекемелердин жана сиздердин колдооңуздардын аркасында ишке ашкан чоң жетишкендик.
Мектеп — балаңыздын экинчи үйү, анын мүнөзү калыптанып, тарбиясы бекемделе турган ыйык жай. Биз буга чейин кандай кам көрсөк, эми андан да чоң жоопкерчилик менен мамиле кылууга милдеттүүбүз.
Урматтуу ата-энелер, балдарыбыздын мектепке болгон мамилесин жакшы жагына өзгөртүүдө сиздердин колдооңуздар абдан маанилүү. Сиздерден үйдө балдарыңыз менен мектеп мүлкүн аяр сактоо, тазалыкты кармоо, коомдук жайда жоопкерчиликтүү болуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну өтүнөбүз. Окуучулардын тартиптүү болушу, билимге умтулуусу — үй-бүлө менен мектептин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы экенин унутпайлы.
Келгиле, биргеликте аракет кылып, жаңы кейипке ээ болгон мектепти таза, тартиптүү жана кооз бойдон сактап, балдарыбызга татыктуу шарт түзүп берели.
Мектеп администрациясы