Билим майрамы – келечекке жол
Урматтуу кесиптештер жана сүйүктүү окуучулар !
Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы – 1-сентябрь Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Быйылкы Билим күнү өзгөчө мааниге ээ, анткени биздин алтын уябыз – 100 жылдык даңазалуу тарыхы бар мектебибизде жаңы муунга билим берүү миссиясы уланууда. Бир кылымдан бери бул билим ордосу жүздөгөн бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, ар кыл тармактарга өз салымын кошкон мыкты кадрларды даярдап келгенин баарыбыз сыймыктануу менен белгилеп келебиз.
Урматтуу устаттар, сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер, жаш муунга болгон мээримиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр коомдун өнүгүүсүндө эбегейсиз чоң ролду ойнойт. Ар бир сабак, ар бир акыл-насаат балдарыбыздын келечегин жарык кылып, мамлекетибиздин күч-кубатын бекемдөөгө өбөлгө болот.
Жаңы окуу жылы сиздерге зор жетишкендиктерди, чыгармачылык ийгиликтерди жана кубанычтуу жаңылыктарды алып келсин. Ар дайым ден соолукта болуп, билимдин бийик чокусунда берекелүү эмгек жарата беришиңиздерди каалайм.
Майрамыңыздар кут болсун!