Эгемендүү өлкөнүн күчү – билимдүү муун
Кымбаттуу кесиптештер, окуучулар жана ата-энелер!
Сиздерди 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн биздин элибиздин эң улуу тарыхый жетишкендиги, эркиндикти, биримдикти жана көз карандысыздыктын улуу баалуулугун даңазалаган күн. Эгемендүүлүк ар бирибиздин жүрөгүбүздө эркиндикке болгон сыймыкты жана келечекке болгон үмүттү жандандырат.
Ушул жарык майрамда сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бакубатчылык каалайм. Элибиздин келечеги үчүн талыкпай эмгектенип, өз ордубузда мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошо берели.
Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун!