Эстен чыкпас мугалим жана мектеп күндөрү
Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эрнис Турсунов өзү билим алган №5 - мектептеги (азыркы профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛ) күндөрүн эскерип жатып, төмөнкүдөй терең ыраазычылык менен жазган:
«№5-мектепте Михаил Алексеевич Рудаковдон окуп, таалим-тарбия алып калган кыргыз балдарынын арманы жоктур деп ойлойм. Анын элеси бүгүнкүгө чейин көз алдымда турат. Михаил Алексеевич мектептин короосундагы эки бөлмөлүү үйдө жашагандыктан, окуучулары күнү-түнү жанында эле болчу. Бизге атасындай мамиле кылчу.»