Эскерүүлөрдө жашап калган мектеп турмушу
Эрнис Турсунов 1952-жылы №5- мектепти (азыркы профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛди) бүтүргөн. Ал кездеги классташтары, окутуунун өзгөчөлүгү жана мектептеги турмуш тууралуу да эскерүүлөрүндө өзгөчө жылуулук менен жазат:
«1952-жылы биз №5-мектепти бүтүрдүк. Ошол жылы жүз жыйырма бала мектепти аяктадык. Онунчу класстын төрт бөлүмү бар болчу. "Б" классы толугу менен кыздардан турган. Биз ал кыздарды көздүн карегиндей кайтарып турчубуз, качып кетип калышпасын деп. Бирок тагдырга айла жок экен. Люса Карасаева, Гүлмайрам Иманкалыкова, Сындат Жабирова, Асира Мурзакова, Аниса Турусбекова, Керээз Жантелиева сыяктуу эң жакшы, акылдуу кыздарыбызды башка институтту бүтүргөн шылуун жигиттер ала качып кетишти. Биз жаштыгыбыздан, турмуштун жоопкерчилигинен улам алардан кур калдык, ар кайсы шаарларга окууга кетип калдык...»