Согуш жылдарындагы сабыр жана сабаттуулук
Согуш жылдарындагы сабыр жана сабаттуулук - Өскөн Даникеевдин эскерүүсү
Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев №5-мектепти 1951-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн катарын толуктаган. Ал оор мезгил, тагдыр чечкен жылдар жана ошол учурдун балалыгы тууралуу минтип эскерет:
«Биз 1951-жылы мектепти бүттүк. 56 жыл өтүптүр(2006-жылкы маалыматка таяндык). Айланайын, айтууга оңой, а чынында бул орточо кишинин өмүрү да. Убакыт, убакыт, убакыт… Согуштун соңку жылдары. Түмөн түйшүктүү турмуш. Балдардын басымдуу көпчүлүгү элет жеринен болчу. Баары дебейин, экөөсүнүн бири кедей-кембагалдардын, томолой жетимдердин балдары эле. Эми интернаттыкы ошол да...». Азыр ойлосом, Совет өкмөтү, анын ичинде агартуу ишине аябагандай кам көргөн экен. Болбосо, ошол кыйын учурларда башка кыла турган иши жок беле?...