Тартип менен тарбияланган муун

Андагы тартип... Тартип ашкере көтөрө чапкандык эмес, куду аскердикиндей катуу сакталчу. Ар бир саатың саналуу: качан турасың, качан жатасың. Эртенки сабактарга даярдануу убакты, консультациялар... бүт алдын ала такталып коюлган. Таң каласың. Ошондогу мектеп жетекчилиги, дегеле мугалим тарбиячылар, коллективинин уюштуруучулук усул талабына таң каласың. Баягы биз түшкөн сүрөттү карайм. Баарыбыздын тээ өөдө тарабыбызда- мектептин директору С. Юсупов, окуу бөлүмүнүн башчысы М. А. Рудаков, мугалимдерибиз: Х. Ш. Абдулина, К. Аюпова, А. Надыршин, А. Сраждинов, К. А. Трифонов, Ш. Шаменова эжей...

О, кандай гана асыл адамдар эле! Билбейм эмнеден улам ар киминин элесине абай көзбага, өзүмдү бир кызыктай сезип кетем. Ымандай сырым, дене - боюм талмоорсуп, жок, тунжурап, жүрөгүм өйүп чыгат. Ишенесизби, андан бери жарым кылым өткөнү баамыман тыш калып, мына ушул азыр ошол эжей- агайларым менен кезме -кез бирге олтургандаймын. Атүгүл жылуу жылмая ал да бирдеме деп аямал үн каткандары кулагыма угулуп аткан сыяктуу. Кайран кишилер! Баары маалимдик ыйык кесиптин нагыз устаттары эле го! - деп эскерет Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев (№5-мектептин бүтүрүүчүсү)

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru