Интернатта чыйралган турмуш
Коомдук ишмер, ишкер Райкан Алкановдун №5-мектеп(интернат) жөнүндө эскерүүсү:
Ошол 1945-жылы чоң окумуштуулук даражасы бар Касымкул Нанаев мени борбордогу А. С. Пушкин атындагы №5 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Михаил Алексеевич Рудаковго ээрчитип келип: «Ушул баланы интернаттын 5-классына алсаңыз», - деп өтүндү. Рудаков кыргызча таптак сүйлөп: «Интернатка 8-класстан жогору окуган балдарды гана алабыз, анын үстүнө бул аябай кичинекей бала турбайбы. Интернаттагы балдардын ичинде бейбаштар көп. Балаңыз кыйналып калат го», - деди. Анда Касымкул агам: «Бул өзү бышык бала, кыйналбайт. Анын үстүнө мунун ата-энеси да жок, мектеп- интернатка албасаңыз, ошондо накта кыйналып калышы мүмкүн», - деп акыры Рудаковду муютту. Ошентип, интерната жашап, №5те окуп калдым. Чын эле бейбаш балдар көп экен, ага деле көндүм, чыйралдым, бекем, кайраттуу болууга үйрөндүм. Бокс секциясына катышкандыгым кайратка бүлөп, мүнөзүмдү калыптандырды. Ошентип, ошол элүүнчү жылдарда жыйырмадан ашуун бала орто билимге ээ болуп, жогорку окуу жайларында билимибизди андан ары улантуу үчүн жолдомо алдык.