Улуу билим уясынын сыймыктуу уулдары
Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи — 100 жылдык тарыхында миңдеген бүтүрүүчүнү тарбиялап чыгарган, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан алдыңкы билим уясы. Бул билим ордосу – жөн гана мектеп эмес, инсандык калыптануунун, ой жүгүртүүнүн, заман талабына ылайык компетенттүүлүктүн калыптанган чыныгы мектеби.
УИТМЛ бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү, медицина, илим, маданият, саясат жана технология тармагында ийгиликтүү эмгектенип келишет. Айрыкча акыркы жылдары IT, каржы жана сот тармактарында жетишкендиктери менен айырмаланган бүтүрүүчүлөр коомчулукка үлгү болууда.
Пазылов Абдимитал — кыргыз улутундагы окуучулар арасынан алгачкылардан болуп 2002-жылы информатика боюнча 14-дүйнөлүк олимпиадага катышкан. Ал учурда Кыргызстандын IT тармагында мыкты адис, алдыңкы технологдордун бири катары таанылып келет. Анын жетишкендиктери — өлкөдөгү техникалык билимдин өнүгүшүнө чоң түрткү болууда.
Ишенбаев Максатбек — каржы жана банк системасында ийгиликтүү адис. Ал учурда МБАНКтын Башкармалыгынын төрагасы, МДС башкармалыгынын мүчөсү, АЮ ГАРАНТ камсыздандыруу компаниясынын башкы директору жана Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы. Анын жетишкендиктери — УИТМЛден башталган жолдун эл аралык деңгээлдеги каржылык ийгиликтерге алып барарын далилдеп турат.
Бердимуратов Чынгызбек — сот тармагында билимдүүлүгү жана калыстыгы менен айырмаланган адис. Ал учурда Биринчи май райондук сотунун төрагасы болуп иштеп, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга өз салымын кошуп келет.
Бул инсандар — УИТМЛден алган билимдин, мекенге болгон сүйүүнүн жана тынымсыз эмгектин жемиши. Алардын жетишкендиктери мектеп мугалимдеринин эмгегинин, сапаттуу билимдин, жана туура багыттын жандуу үлгүсү болуп саналат.
Айдаркан Молдокулов атындагы УИТМЛ — Кыргызстандын келечегин жараткан билим ордосу!