Чек ара билбеген жетишкендиктер – дүйнөгө таанылган бүтүрүүчүлөр

100 жылдык тарыхка ээ болгон бул мектеп ар дайым билимге сугарылган, максаттуу жана атуулдук сезими жогору бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап келет. Бул кадырлуу уядан чыккан бүтүрүүчүлөр өз өлкөсүндө гана эмес, дүйнө жүзүндө да кыргыздын намысын бийик көтөрүп келишет.

Рыскулов Бекжан – бүгүнкү күндө Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан Metaksan Electric компаниясында экспорт менеджери болуп эмгектенүүдө. Анын эл аралык соода жаатындагы ийгиликтери – Кыргызстандын жаш адистеринин дүйнөлүк рынокто атаандаш боло аларын далилдейт.

Аманбаев Айжигит – Германиядагы кыргыз жаштарын бириктирген "Kyrgyz Students Network" уюмунун төрагасы. Ал өзүнүн лидерлик сапаттары, билимге болгон дилгирлиги менен Европадагы кыргыз жаштарына жол көрсөтүп, маданий байланыштарды чыңдоого зор салым кошууда.

Акжол Абдухалиев – дүйнөлүк деңгээлдеги технологиялык алп компанияларда эмгектенген мекендешибиз. Ал Билл Гейтстин компаниясында төрт жыл иштегенден кийин, 2014–2019-жылдар аралыгында Google компаниясында кызмат өтөп, 2019-жылдын август айынан тарта Microsoft компаниясында программалык камсыздоону өнүктүрүү боюнча башкы менеджер болуп иштеп келет.

Бул бүтүрүүчүлөр – мектептен алган билимдин, тарбиянын жана устаттардын эмгегинин жандуу үлгүсү. Алар кайсы гана мамлекетте жашабасын, кайсы гана тармакта иштебесин – кыргыз элинин, мекенибиздин атын ар дайым бийик көтөрүп келишет. Бул – билим менен эмгектин, өжөрлүк менен максаттуулуктун эң жандуу мисалы.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru