Мекенге ардактуу кызмат – билим менен башталган жол

100 жылдык даңазалуу тарыхы менен кыргыз билим берүү тарыхында өз ордун ээлеген улуу билим уясы. Бул мектеп — мекен үчүн татыктуу кызмат кылган, элдин урмат-сыйына татыган инсандарды тарбиялоонун башаты.

Учурда УИТМЛден чыккан бүтүрүүчүлөрдүн катары ар тармактагы алдыңкы адистер менен толукталып, өлкөнүн маданиятында, спортунда, дипломатиясында, илимде жана башка чөйрөлөрдө өз өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатышат.

Алардын арасында:

  • Султан Төрөгелдиев — медик жана актёр, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында өзгөчө таанылган инсан.

  • Азимхан Рахатов — режиссер, сценарист, көркөм өнөрдүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан чыгармачыл инсандардын бири.

  • Алишер Бакытов — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин атташеси-дипломат, мамлекетибиздин тышкы саясатында эмгектенген адис.

  • Нурланов Назим — каратэ боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, 2022-жылдын Азия Чемпиону, 2023-жылдагы Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси, ошондой эле ошол жылы өткөн Дүйнөлүк оюндарынын күмүш медалынын ээси.

  • Нурланбек уулу Калыс — Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча спорт чебери, 2021-жылдын Азия Чемпионатынын коло медалынын ээси, 1-СНГ оюндарынын чемпиону, 2023-жылдын БРИКС оюндарынын коло медалынын ээси.

Бул инсандар — мектептин татыктуу жүзү, улуттун сыймыгы жана келечектеги муундар үчүн өбөлгөчү үлгү. Алардын ийгиликтери — УИТМЛдин улуу тарыхынын жаркын уландысы.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru