Жаңы муун – келечек ээлери

Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи өзүнүн кылымдык тарыхында ар бир доордун талабына жооп берген, өлкөнүн келечегин курууга жөндөмдүү жаштарды тарбиялап келет. Соңку жыйырма жылдыкта бул билим уясын аяктаган жүздөгөн бүтүрүүчүлөр ар кандай кесиптердин ээси болуп, коомдун ар кыл тармактарында ийгиликтүү эмгектенишип, мекендин өнүгүүсүнө салым кошуп жатышат.

Мектептен алган терең билимдин, тарбиянын жана кесипкөй мугалимдердин мээнетинин натыйжасында бүтүрүүчүлөрдүн арасында IT-адистери, инженерлер, мугалимдер, юристтер, дарыгерлер, экономисттер, архитекторлор, журналисттер, бизнесмендер, аскер кызматкерлери жана мамлекеттик башкарууда иштеген мыкты адистер көп кездешет.

Алсак:

  • Маликова Адила — Сокулук райондук сотунун кызматкери, адилет жана кесипкөй юрист катары коомдо таанымал.

  • Мамбетмусаева Аида — Улуттук банктын кызматкери, финансы тармагында компетенттүү адис.

  • Стамов Ариет — Америкадагы Peapod Digital Labs компаниясында Software Engineer in Test кызматкери, IT тармагында эл аралык деңгээлдеги тажрыйба топтогон адис.

  • Бериков Эмил — пульмонолог, медицина илимдери жаатында кесипкөй дарыгер.

  • Джунушалиева Диналина — Казакстан Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы алдындагы «Казакстан Республикасынын Президентинин телерадио комплекси» түзүмүндөгү Jibek Joly / Silkway улуттук спутниктик телеканалынын тышкы берүүлөрүнүн маалыматтык-аналитикалык программалар кызматынын кыргыз редакциясынын редактор-диктору.

  • Эркинбеков Арген — логистикалык компанияда логист жана бажы операциялары боюнча адис, соода жана транспорт чөйрөсүндө тажрыйбалуу адис.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru