Билимден башталган багыт: 5-мектептин ар тараптуу бүтүрүүчүлөрү

Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи – билимдин гана эмес, турмуштук чоң жолдун башаты болгон касиеттүү мектеп. Бул уядан тарбия алып, өз кесибинин чеберине айланган жана мекенге кызмат кылган жүздөгөн, миңдеген инсандар өсүп чыкты.

Бүгүнкү күндө бул мектептен билим алып, элге, коомго, мекенге ар тараптан кызмат кылып жаткан чыгаан бүтүрүүчүлөр мектептин жүзүн, анын тарбиялык күчүн, билим берүү деңгээлин айкындап турат.

Темирлан Аалиев — Чүй облустук жалпы практикалык дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринин орун басары, Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоонун координатору. Ал аймактын саламаттык тармагын өнүктүрүүгө, калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган ири иштерди жетектеп келет.

Дастан Мадылбеков — таланттуу режиссёр жана сценарист. Кыргыз киносунун жаңы муун өкүлү катары өзгөчө темалар, терең образдар жана көркөм көз караш менен айырмаланып турат.

Айзуура Иманалиева — алып баруучу, журналист. Ал массалык маалымат каражаттарында коомдук маанилүү темаларды чагылдыруу, элдин үнүн угузуу боюнча активдүү иш жүргүзүп, журналистиканын сапаттуу өнүгүшүнө салым кошуп келет.

Кайрат Кыргыз — обончу, аткаруучу ырчы. Анын чыгармалары замандын духун чагылдырып, жаштардын табитине туура келген обондору менен белгилүү.

Амантур Төрөбаев — теле алып баруучу, коомдук маданий темаларды жайылтууда, улуттук нарк-насилди чагылдырууда активдүү иш жүргүзүп келген жүзү тааныш инсандардын бири.

Исмаилов Улук — фармацевтика илимдеринин кандидаты, илим менен саламаттыкты сактоо чөйрөсүн айкалыштырган адис. Анын изилдөөлөрү дары-дармек коопсуздугу жана натыйжалуулугу жаатында маанилүү маалыматтарды берип келет.

Бул инсандардын ар бири – УИТМЛдин билимге, адепке жана кесипкөйлүккө багытталган салттарынын, тарбия системасынын жана мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жемиши. 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru