Эмгек сиңирген мугалимдер — эл тааныйт, тарых сактайт

Бир кылымдык тарыхы бар Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи - билим берүү тармагына олуттуу салым кошкон, элине эмгеги сиңген мугалимдерди тарбиялоо менен да даңазаланган улуу мектеп. Бул мектептен бир гана мыкты бүтүрүүчүлөр эмес, кесипкөйлүгү, адамгерчилиги жана үлгүлүү устаттык жолу менен мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөргөн Эмгек сиңирген мугалимдер да чыккан.
 
Мектептин тарыхында билим берүү жаатындагы жогорку мамлекеттик наамдар менен сыйланган, агартуу системасына жаңыча дем берип, ондогон муундарды окутуп тарбиялаган ардактуу устаттардын орду өзгөчө. Алар өз заманынын алдыңкы методдорун колдонуу менен сабак берүүнү гана эмес, руханий тарбияны, улуттук баалуулуктарды да билим менен айкалыштыра алган инсандар болгон. Биздин мектепте Эмгек сиңирген мугалимдерден Кадыралиева Уринса, Жаанбаева Роза, Асанкадырова Гүлүмкан, Кенжебаев Расылкан, Кубанычбекова Сайрабү, Доранова Фарида, Байболотова Турсункүл агай-эжелер эмгектенишет. Кээ бирлери ардактуу эс алууда.
 
Бул мугалимдердин ар бири тарыхта өз ордун калтырды. Алардын окуучулары бүгүнкү күндө өлкөнүн жетекчи адистери, коомдук ишмерлери болуп, өз мугалимдеринин ысымын сыймык менен айтып жүрүшөт. Мектеп музейинде алардын архивдик сүрөттөрү, окутуу материалдары, сыйлыктары сакталган. Бул — кийинки муундар үчүн улуу мурас.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru